Россия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечет

1 февраль 2018 09:24 1006 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Федерация кеңеши Кыргызстандын аталган өлкөгө бере турган карызын кечүү тууралуу протоколду ратификациялады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги маалымдады.

Кыргызстан Россияга 240 миллион доллар карыз болгон. Эми бул сумма мөөнөтүнөн мурда жоюлду. Анын жыйынтыгында республиканын тышкы карызынын көлөмү 6,5 пайызга кыскарат.

Карызды кечүү Кыргызстанга бериле турган расмий көмөктүн алкагында жүзөгө ашат.

Ссылка: https://barometr.kg/content11238



Добавить комментарий