Италияда үйлөр 1 евродон сатылууда

1 февраль 2018 07:16 2165 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Италиядагы Сардиния аралында жаңы тургундарды өзүнө тартуу максатында үйлөр 1 евродон сатылып жатат. Бул тууралуу CNN маалымдады.

Жер ортолук деңизинин жанындагы Барбаджа тоолуу аймагындагы Сардиния аралынын Оллолаи коммунасы буга окшогон аракет көрүп жаткан Италиядагы биринчи кыштак эмес. Бирок убадаларына туруп кароосуз калган үйлөрдү бир еврого карматып жаткандары чындык.

200дөй таш менен курулган үйлөр начар абалда жана сатып алуучулар аны үч жыл аралыгында оңдоп чыгуулары керек, бул үчүн 25 миң евродой каражат керектелет.

Антпегенде шаарда киши калбай ээн калуу коркунучу турат. Акыркы элүү жылда калктын саны бул кыштакта кыскарып отуруп 1300дөй эле адам калган. 

Ссылка: https://barometr.kg/content11235



Добавить комментарий