1-5-февралда Кыргызстанда аба ырайы кандай болот?

1 февраль 2018 07:14 1729 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1-февралда  Кыргызстандын кээ бир тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

3-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 3-февралда күндүз жана 4-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 4-февралда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоо ашууларында жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 5-февралда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 6-7 февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

1-2-февралда жана 3-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-февралда күндүз мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

1-2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-февралда кар жаашы мүмкүн.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Ссылка: https://barometr.kg/content11234



Добавить комментарий