Апрель баатырларынын урматына бийик чокунун аты ыйгарылмак болду

14 март 2017 14:37 343 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл облусундагы Тескей Ала-Тоодогу белгисиз чокуга Апрель элдик революциясынын баатырларынын ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу 14-мартта парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот- укуктук маселелер жана ЖКнын Регламенти боюнча комитети Ысык-Көл аймагындагы аты жок чокуга Апрель элдик револциясынын баатырларынын ысымын ыйгаруу демилгесин дароо эле үч окууда жактырды. "Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Тескей Ала-Тоо тоо кыркасындагы бул чоку 4142 метр бийиктигинде жайгашкан. Ага Апрель элдик револциясынын баатырларынын ысымын ыйгаруу демилгесине баардык парламенттик фракциялар макулдук берген",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/content1123



Добавить комментарий