Баардыгы киет: 2018-жылы Кайрат Кыргыздын желим чапаны мода болот!

31 январь 2018 17:26 1315 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаңырып келген 2018-жылы башкы мода тренддери кайсы болот? Дүйнөлүк мода үйүнүн ээлери жаңы жылда гардеробду кандайча түзүп жана стилдүү кийинүүнүн тренддерин жарыялашты.

Желим кийимдер

2018-жылдын жаз-жай сезонунун коллекцияларында бир деталды байкабай коюга мүмкүн эмес болуп жатат. Дизайнерлер өз коллекцияларын жаңы желимден жасалган элементтер менен толукташты. Мисалы, атактуу Карл Лагерфельд Chanel мода үйү үчүн ачык көрүнгөн шляпаларды, жоолуктарды жана ботфортторду жасады.  Желим кийим кече жана аксессуарларды Marc Jacobs, Burberry and Christopher Kane коллекцияларын колдонушат. Ошондуктан желим чапандар менен жаздын жамгырларынан корпой эле койсоңуз болот.

 Сары түскө акцент

 2018-жылы сары, лимон жана горчица өңдүү өңдөр мода болот. Бирок расмий түрдө 2018-жылдын түсү ультрафиолет болуп саналат.

 Клетка

Кайсы түстөгү клетка болбосун Жаз-Жай 2018 сезонун ультрамодалуу кылат. Ар кандай клетка кийимдерди кийүү өзгөчө шик деп эсептелет.

 

 Деним

 Биз өз гардеробубузду джинсы жок элестете албай калдык. Бирок 2018-жылы деним тренддер модага айланат.

Мюли-босоножкалары

Мюли бут кийимдери бир нече сезондон бери модадан түшпөй келет.  

Ачык өңдөр

2018-жылы ачык өңдөр фаворит болот.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11226



Добавить комментарий