«Google» корпорациясы смарт-күрмө ойлоп тапты

14 март 2017 14:11 354 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Google»  корпорациясы смарт-күрмө ойлоп тапты. Ал атайын зымдуу жип менен тигилип, колдун тийүүсүн сезе алат. “Акылдуу” кийим кадимки эле жинсы күрмөгө окшош. Ал уюлдук телефон аркылуу башкарылат. Күрмөнүн жеңине орнотулган Bluetooth-өткөргүч менен смартфонду байланыштыруу гана керек. Күрмөнүн жеңине колду тийгизүү менен угуп жаткан ырдын үнүн кичирейтип же чоңойтууга болот. Чалууну кабыл алууга жана саатты суроого мүмкүн. Жалпылап айтканда, заманбап “акылдуу” сааттардын функциясын аткарат. Смарт-күрмөнүн жеңине орнотулган Bluetooth-өткөргүчтү эки күндө бир зарядтоо керек. Кадимки эле «microUSB»-порту аркылуу. Ойлоп табуучулардын айтымдарында, күрмөнүн кездемесине атайын деле кам көрүү керек эмес. Ал механикалык таасирден же нымдуулуктан коркпойт, болгону кийимди сууга салуу алдында жеңиндеги башкаруучу аппаратты алып коюу зарыл.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1122



Добавить комментарий