Гороскоп: Балык жылдызындагы мырзага кантип жагууга болот?
Эгер сиздин жактырган мырзаңыз 20-февралдан 20-мартка чейинки аралыкта төрөлгөн болсо анда ал гороскобу боюнча балык болуп эсептелет. Балык жылдызынын астында төрөлгөн мырзанын көңүлүн ээлегенди максат кылдыңызбы? Анда даярданыңыз, аңчылык тактап айтканда балык уулоо узакка созулат жана кызыктуу болот.
Назик, тартынчаак, дос боло билген жана таарынбаган... Тактап айтканда ушундай айым гана Балык белгисин астында төрөлгөн мырзаларга жагат.
Чатакты сүйгөн, чуулгандуу айымдардан жаа бою алыс качышат. Балык белгисиндеги мырзалар алдамчылык менен эки жүздүүлүктү дароо байкашат, анткени алардын интуициясы күчтүү өнүккөн. Анын жанында амалкөйлөнбөй жөн гана баладай чынчыл болууга тырышыңыз. Алар ыңгайлуулукту жана комфортту жактырышат. Андыктан аларды түнкү клубга жана модалуу ресторанга сүйрөбөңүз.
Балык белгсиндеги мырзаларга кымбат балуу галстуктан көрө чарба буюмдарын мисалы, суу тазалагыч фильтр, бурагыч отверткалардын топтомун же энергияны үнөмдөөчү лампаны белек кылуу алда канча жагымдуу. Ошондой эле таттуу тамак менен көңүлүн алыңыз.
Өзүңүздү ал дайым назик аялзаты катары жеңил, сезимтал жана бир аз табышмактуу алып жүрүңүз. Жука, романтикалуу стилдеги кийимдерди, жумшак, пуху чыккан свитерлерди кийиңиз. Жана төмөнкү беш эрежени эстен чыгарбаңыз:
Ыйлабаңыз;
Өз көмөчүңүзгө күл тартпаңыз;
Аны үшүтпөңүз;
Жакшы тамак бериңиз;
Азыраак сүйлөңүз.
Ссылка: https://barometr.kg/content11219
Добавить комментарий ×