Февралда абанын температурасы +5...+15 градуска чейин жылыйт
Бөлүшүү:
Бишкекте мындан ары катуу суук күтүлбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште болгон жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, катуу суук эми болбойт. Абанын температурасы −10 градуска чейин ылдыйлашы мүмкүн, бирок жакын арада аба жылый баштайт.
Буга чейин Кыргызгидромет февраль айында көрсөткүчтөр жылдык нормада сакталарын маалымдаган. Катуу аяздын болушу күтүлбөйт. Чүй жана Талас областтарында аба түнкүсүн +1 ден −10...−5 градуска чейин болсо, күндүз аба +5...+15 градуска чейин жылыйт. Өлкөнүн түштүк аймактарында абанын температурасы дагы ушундай эле деңгээлде болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content11216
Добавить комментарий ×