Чет элдик биометрикалык паспорттордун үлгүсүн жасап жатышат
Бөлүшүү:
Кыргызстандыктарга чет элдик биометрикалык паспортторду болжол менен жыл соңунан тартып бере башташат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди.
Анын айтымында, учурда адистер аталган документтин үлгүсүн жасап чыгышууда, ушундан кийин аны чет өлкөгө тастыктоого жиберишет.
Догоев кыргызстандыктар биометрикалык чет элдик паспортторду өз ыктыярлары менен гана алышарын кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content11210
Добавить комментарий ×