Күн качан жылыйт, кыш чилде качан чыгат?

31 январь 2018 07:16 13075 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошентип январь айында аяктап жатат. Кыргызстанда күн качан жылый баштары тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтен билдиришти.

Бишкек шаарында 31-январда жана 1-2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  Абанын температурасы Бишкек шаарында 31-январда түнкүсүн -17...-19,  күндүз -2...-4 градус суук, 1-февралда түнкүсүн -15...-17, күндүз    -1...-3 градус суук, 2-февралда -13...-15,  +2...+4 градус жылыйт,    

31-январда өлкө боюнча кар жаабайт. Ош, Баткен, Жалал-Абад областтарында туман болот. Чүй областында абанын температурасы түнкүсүн -15, -20, күндүз -4, -1 градус суук болот. Талас өрөөнүндө-15...-20, -4...-9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын дыйканчылык аймактарында -3 -4 градус, күндүз -9, -3...+2 градус жылыйт, Баткен областында -4...-9, -3...+2,  Ысык-Көл областында -8...-13, 0...-5  жана Нарын областында -17...-22, -7...-12  градуска суук болот.

1-февралда Нарын, Чүй, Талас  областтарынын кээ бир тоолуу аймактарында бир аз кар жаайт, калган бөлүгүндө кар жаабайт. Бул күнү дагы өлкөнүн баардык дубандарында туман түшөт.  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. 2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7  метрге жетет.

2-февралда кар жаабайт. Жолдор тоңголок тайгак болот.

3-4 февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

5-6-февралда кар жаабайт. Абанын температурасы  көп деле өзгөрбөйт.

Кыш чилде тууралуу маалымат

Байыркы кыргыздардын “Ай-Күн” календарын түзүүчү Төрөн Жумаевдин жарыялаган маалыматтарына ылайык кыштын өзүнүн мезгилдери бар. Анын айтымында токсон күнгө созулган “токсон” мезгили  жыл сайын 13-декабрда башталат.  Мындан жыйырма беш күн өткөндөн кийин, башкача айтканда 8-январдан тарта кырк күнгө созулган кыш чилде мезгили келет. Эң суук мезгилдин пири – кыш чилде болот. Эл оозунда айтылып келгендей, кырк күнгө созулган кыш чилде пиринин алты коштоочусу же жан жөкөрү болот экен. Биринчисин алты күндүктү “Кырдач” деп атап алышкан.  

Экинчи мезгилде тактап айтканда алты күндүк “кырдач” аяктагандан кийин, кыш чилде пиринин экинчи жан жѳкѳрү – “Адынын алты уулу” деп аталган алты күндүк катуу суук келет экен. Бул алты күн 19-январда аяктайт. Үчүнчү. 20-январь менен 26-январь күндөрүндө үчүнчү жан жѳкѳрү – жети күндүк “Жединин жети уулу” деп аталган чилде башталат. Бул күндөрдө катуу суук ѳз күчүндө болуп турат. Төртүнчү жан жөкөр 27-январда келет, аны  жападан жалгыз бир күндүк “каңтар” деп аташат. Каңтар деген сөздү чечмелегенде – “кырк күндүк кыш чилденин теңи аяктады, эми каңтарыл, жыйырма күндүк кыш чилденин наркы бетине өт” деген  түшүнүктү берет.  

Бешинчи – 28-январь менен 11-февраль аралыгындагы күндөрдѳ чилде пири менен кошо жүргѳн жан жөкөрдү “үт” мезгили деп аташкан.

Кыргыз эли кылымдардан бери эле ушул он беш күндүк “үт” мезгилин өзгөчө так билген. Себеби, ушул он беш күндүн ичинде кар ѳтѳ кѳп жаап, калың болот. Ушул себептен, биздин ата-бабалар кылымдардан бери эле “жакшылыгына алса – үт, жамандыгына алса – жут” деп атап келишкен. Учурда ушул убакытты баштан өткөрүп жатабыз. 26-январда жана 27-январда катуу суук катталды. Синоптиктер муну арктикалык циклонго байланыштырышты.

 Акыры чилде качан чыгат экен? Алтынчы жан жөкөр келгенде. 12-февраль менен 17-февраль күндөрүндөгү алты күндү “апкыт-сапкыт алты күн” деп аташат. Ушул алты күн өткөндөн кийин, 18-февралда кырк күнгө созулган кыш чилде мезгили бардык аймакта чыгып кетип күн жылымдап жаз келип калат экен Кудай буюрса. Эскерте кетсек, бул маалымат  “Биомаданий ар түрдүүлүк борборунан” алынды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11189



Добавить комментарий