Бишкектин дүкөндөрүндө жылыткычка карата тартыштык пайда болду

30 январь 2018 16:01 721 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бишкек шаарынындагы электроника саткан дүкөндөрдө жылыткычтар сатыкта калбай калып жатат. Мындан улам аларга карата таңкыстык пайда болду. Бул тууралуу шаар тургуну Айгүл Мидинова barometr.kgге билдирди.

“Кечээ шаардагы дүкөндөрдү кыдырып жылыткыч издесем эч  жерден таппадым. “Технодом” дүкөнүнө барсам акыркы экөө калган экен аны  бир адам алып кетти. Эртең менен  жумушка баратканда жылыткыч көтөргөн эле шаар тургундарын кездештирип жаттым”,-дейт ал.

 Учурда жылыткычтарды калаадагы дүкөндөрдөн тышкары базарлардан алууга болот. Баалары 700 сомдон башталып, жогорку сапатуулары 7-8 миң сомго чейин сатылууда.

Бишкек шаарында суук аба ырайы өкүм сүрүүдө. Синоптиктер 30-январдан тартып сууктун күчү -10 градуска чейин төмөндөй турганын эскертүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11179



Добавить комментарий