Кыргызстанда мектеп окуучуларынын каникулу 3-февралга чейин узартылды
Бөлүшүү:
Катуу суукка байланыштуу Кыргызстандын мектептериндеги каникул узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Аталган маалыматка таянсак, мектеп окуучуларынын каникулу 3-февралга чейин узартылды.
Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын профилактикасы департаменти окуу процессин жылуулук режими сакталганда гана улантуу боюнча көрсөртмө берди.
Эскерте кетсек, окуучулар каникулга 26-январда тараган.
Ссылка: https://barometr.kg/content11161
Добавить комментарий ×