Бишкекте сууктан улам коомдук транспорт түнкү 11ге чейин иштеп жатат
Бөлүшүү:
Бишкекте коомдук транспорттун иши жөнгө салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Кечээ, 29-январда линияга 93 троллейбус чыкты, 1 700 микроавтобус жана 53 автобус иштеп жатат.
Суук болгонуна байланыштуу баш калаада коомдук транспорттун иши түнкү саат 23:00гө чейин узартылды.
Урматтуу шаардыктар! Транспорттун ишине байланышкан маселелер боюнча WhatsApp аркылуу төмөнкү номерлерге байланышыңыздар.
0555 93 31 91 – Бишкек троллейбус башкармалыгы
0704 30 56 56 – МП "Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасы”
0703 77 78 89 – Шаардык транспорт башкармалыгы.
Ссылка: https://barometr.kg/content11150
Добавить комментарий ×