Иса Өмүркулов Катар мамлекетинин Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Мохамед бин Арар Аль-Наими менен жолугушту
Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов бүгүн, 13-мартта Катар өлкөсүнүн Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Мохамед бин Арар Аль-Наими менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө И. Омуркулов Катар менен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык натыйжалуу болуп жатканын белгилеп, алгачкы жыйынтыктар жакшы экенин белгилеп өттү. Кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүп, бекемдөө зарылдыгын айтты. Ошондой эле бул кызматташунун жогорку деңгээлге чыгуусуна элчинин ролу, эмгеги чоң экенин билдирип, мындан ары да эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгаруу үстүндө иш алып баруусуна тилектештигин билдирди.
Өз кезегинде Катардын элчиси кабыл алганы үчүн И. Омуркуловго ыраазычылык билдирди. Ал өз сөзүндө Катар менен Кыргызстандын ортосунда 16 макулдашуу боюнча Меморандум кабыл алынганын айтты. Мындан сырткары, элчи Кыргызстан эки ирет революцияны башынан өткөрүп, аз жоготуулар менен демократиялык нукка түшкөн саналуу өлкөлөрдөн экенин белгилеп өттү. Анын белгилөөсүндө, кээ бир өлкөлөрдө революциялар ишке ашырылганы менен жарандык согуш оту тутанып, күнү бүгүн да уланууда. Кыргызстанда революциядан кийин тынчтыктын, стабилдүүлүктүн сакталуусунда учурдагы бийликтин ролу чоң экендигин билдирди.
Элчи ошондой эле май айынын ортосунда Кыргызстанда Катардын маданий күндөрү өтөрүн, Катарда кыргыз тараптын катышуусу зарыл болгон иш-чаралардын өтөрү күтүлүп жатканын маалымдады.
СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы
Ссылка: https://barometr.kg/content1115
Добавить комментарий ×