Террористтик уюмдардын тизмесин жарыялоого багытталган мыйзам долбоору комитетте каралды
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Акматов, Жаныбек Бакчиев (Бир Бол) жана башкалар. Бүгүнкү күндө жаштарды радикалдык топторго тартуу коркунучун жарата турган ар түрдүү уюмдар, культтар, секталар жайылып кетти. Ушундан улам, жаш муунга сырттан келүүчү радикалдык экстремисттик идеологиялардын таасирине каршы аракеттенүү максатында КР соттору тарабынан террористтик деп таанылган уюмдардын бирдиктүү тизмесин жарыялоо боюнча мыйзам долбоору сунушталган. Бул уюмдар тууралуу, биринчи кезекте, өсүп келе жаткан муун (мектеп окуучулары, студенттер ж.б.) билиши керек. Мындай аракет менен жаш муундун ар кандай радикалдык топторго болгон кызыкчылыгын азайтууга болот. Мыйзам долбоору 2-окууда жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды. Эми ал палатада талкууланат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1113
Добавить комментарий ×