Жергиликтүү кеңештерге шайлоо тынч өттү

29 январь 2018 11:01 612 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 28-январда Кыргызстанда 2 шаардык жана 9 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык бөлүмү билдирди.

Араван районундагы Юсупов айыл аймагында шайлоочулардын катышуусу саат 17.00 карата 53.12 пайызга жеткен.Ошондой эле Кара-Балта шаарындагы шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу 50.2 пайыздан ашкан. Ал эми шайлоочулардын эң аз катышуусу 28,97 пайыз менен Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңешинде байкалган.

БШК билдирген боюнча, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо белгиленген тартипте жүрүп, ар кандай тартип бузуулар, добуш сатып алуулар жана добуш берүүну каттаган жабдуулардын бузулушу боюнча эч кандай арыз-даттануулар  болгон жок. 

Ссылка: https://barometr.kg/content11121



Добавить комментарий