Байлыктын күчү: Билл Гейтстин күнү-түнү ойлогону сүттүү уй болуп калды!

29 январь 2018 09:02 1287 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бул ирет Microsoftтун кожоюну бара-бара ачкачылыкты жана жакырчылыкты жоюу боюнча башталган коммерциялык эмес долбоорго катышууну чечти.

 “Долбоордун негизи максаты-уйлардын кыйын шарттарга чыдаган породасын алуу болуп саналат”,-деп кабарлайт Business Insider. Коюлган планга ылайык, уйлар ысыкка жана суука чыдамдуу болуп, сүттү аябай көп бериши керек. Бул үчүн   Европа жана африкалык породалар аркылуу өзгөчө гибрид уй аргындаштырылат. Алар кадимки уйлардан сүттү төрт эсе көп бериши керек.

Учурда Гейтстин байлыгы 72,5 миллиард долларга бааланууда. Ал буга чейин да бир канча коммерциялык эмес долбоорлорго каражат салып келген.

Ссылка: https://barometr.kg/content11103



Добавить комментарий