Израилдин алдыңкы окуу жайына кыргыз жарандары кабыл алынат

13 март 2017 11:15 369 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенине караганда кыргыз жарандары үчүн Израиль мамлекетинин жогорку окуу жайларында коомдук саламаттыкты сактоонун магистр даражасына окууга тандоо жарыяланат. Окуу англис тилинде жүргүзүлүп, жогорку даражадагы профессорлор сабак берет. Эл аралык окутуу программасын Еврей университети менен Хаддасса университеттик клиникасы Израиль мамлекетинин «МАШАВ» Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте уюштурат. Окутуу 2017-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын  сентябрына чейин жүргүзүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content1106



Добавить комментарий