Бүгүн Чыныбай Турсунбеков баштаган делегация Иранга барды
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация расмий сапар менен Пакистан Ислам Республикасына барды. Маалыматтарга ылайык расмий сапардын алкагында төрага Чыныбай Турсунбеков Пакистандын Улуттук ассамблеясынын спикери Сардар Аяз Садик, премьер-министри Мохаммад Наваз Шариф, Сенаттын төрагасы Раза Раббани жана Пакистан Ислам Республикасынын президенти Мамнун Хуссейн менен жолугушат. Ошондой эле, расмий жолугушууларда Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда парламент аралык кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу пландалган. Парламенттик делегациянын расмий сапары 16-мартка чейин уланат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1104
Добавить комментарий ×