Ош шаарындагы жалгыз төрөт үйү талашка түштү
Ош шаарындагы мамлекеттик болуп эсептелинген төрөт үйү талашка түшүп, учурда иши татаалдаштып бара жатат. Көз жарган энелердин 56 пайызын Ош шаарынын каттоосунда тургандар ээлесе, калган 44 пайызын үч облустагы ар кайсы райондук гинеколог -дарыгердин атайын багыттамасы менен келген энелер түзөт. Мамлекеттин бюджеттен төрөт үйүнө деп бөлүнгөн каражат - шаардын туруктуу жашоочулары үчүн гана эсептелингене карабай, борбор түштүк аймактагыларга акысыз кызмат көрсөтүп келет. Дарыгерлер- орун тартыштыгы эне менен баланы физикалык жана психикалык жактан гана жабыркатпастан, ар кандай инфекциялдык кабылдоорлорго дуушар кылышы мүмкүн экендигин белгилейт. Дал ушундай шарттар - соңку учурдагы ымыркайлардын «чарчап калууларына» кыйыр да болсо, таасирин тийгизээрин киндик энелер билдирет. Бирок, төрөт үйүнүн кошумча эки корпусу бар. Тилекке каршы, учурда экөө тең бош эмес. Биринчисинде- акушерлик жана гинекология кафедрасынын окуу корпусу жайгашса, экинчи бөлүгү - баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматына ижарага берилген. Мындан төрт ай мурда , Ош шаардык кеңеши экинчи имаратты төрт үйүнүн карамагына өткөрүү токтомун кабыл алган. Ош шаардык шаар куруу жана муниципиалдык менчик бөлүмү -баңги заттарга каршы күрөшүү кызматына ижарага берилген корпусту бошотуу туурасындагы эскертүү кагазын бир эмес, бир нече ирет жолдогонун билдирет. Ал эми, аталган кызматтын өкүлү болсо - көчпөй жаткандын жүйөөлү себептери бар экендигин айтат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1103
Добавить комментарий ×