Ызгаардуу суукка байланыштуу мектептерде карантин жарыялоо сунушталды

25 январь 2018 11:05 1010 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңеште, ушу таптагы ызгаардуу суукка байланыштуу мектептерде сабактарды токтотуп туруу сунушталды. Мындай пикирин бүгүн, 25-январда, парламенттин жыйынында, депутат Камчыбек Жолдошбаев ("Өнүгүү-Прогресс") билдирди.

Ал, балдар биздин келечегибиз, андыктан алардын саламаттыгына көңүл бурушубуз зарыл деп белгиледи. «Байкуш балдар суукта таң атпай туруп мектепке барышат. Өзгөчө, тоолуу райондордо жашаган балдарга кыйын болууда. Ошон үчүн, окуучулардын каникулун 10 күнгө узартууну сунуштайм. Алар кийин деле окуп бүтүрүшөт»,-деп кошучмалады эл өкүлү.

Мындай сунушту эл өкүлдөрү Улан Примов жана Махабат Мавлянова колдоп чыкты. Мавлянова, мындай ызгаардуу аба ырайында тоолуу аймактардагы балдар эмес, шаардык балдарга дагы мектепке баруу кыйынчылык туудуруп жатат деди.

Ал эми төрага буга жооп иретинде, бүгүн жыйынга билим берүү министри өзү келерин, бул маселе тууралуу анын пикирин угуу керектигин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/content11021



Добавить комментарий