Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрага орун басары Бакытбек Мураталиев ээлеген кызматынан бошотулду

24 январь 2018 12:02 532 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондунун төрага орун басары Бакытбек Мураталиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу редакцияга өкмөттөгү жеке булактар кабарлады.

Мураталиев, өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат тууралуу» мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык кызматынан бошотулду.

Премьер-министрдин дагы бир буйругуна ылайык, Бекбоев Адилет Зарлыкович Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Адилет Бекбоев буга чейин КРдын Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп эмгектенген. Ал 1980-жылы 4-июлда туулган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10976



Добавить комментарий