Бишкекке келген россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов күйөрмандары менен жолугушат

24 январь 2018 09:26 1126 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 23-январда, кечки каттам менен «Манас» аэропортуна россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов келди. Аны тосуп алууга Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) өкүлдөрү гана эмес, ошондой эле, спортчулар жана күйөрмандар келишти.

Мушкер, УОКтун чакыруусу менен келгенин белгилеп, буга чейин келем деп убада кылганын кошумчалады.

Белгилесек, бүгүн, Нурмагомедов фанаттары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп бермекчи.

Россиянын атактуу мушкери Хабиб Нурмагомедовдун Бишкекке сапары тааныштыруу мүнөзүн ташыйт.

Белгилесек, Нурмагомедов UFC чемпионунун титулуна ат салышкан башкы талапкерлердин бири. Мушкер 7-апрелде Тони Фергюсон менен беттешке чыгат. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10964



Добавить комментарий