Казакстанда катуу сууктан эки киши мерт кетти

23 январь 2018 11:37 756 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акмола областында катуу сууктан 38 жаштагы эркек киши жана 51 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Спутник-Казакстан жазды.

Алардын сөөгү экспертиза жүргүзүү үчүн моргго жеткирилди. Маалымдалгандай, маркумдардын организми толугу менен муздап, дененин температурасы өтө төмөн түшүп кеткен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери белгилешкендей, каза болгон жарандар буга чейин алкоголдук ичимдиктерди тескери пайдаланышкан.

Белгилесек, Казакстандын аймактарында суук аба ырайы сакталууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10941



Добавить комментарий