«Ата-Мекен»-партиясынын юристтери 10 миллион сом доого жыгылат
Бөлүшүү:
Ата Мекен” партиясынын юристтеринен Башкы прокуратура 10 миллион сом моралдык чыгым өндүрүп алуу талабын коюуда. Буга 1-мартта “Ата Мекен” партиясынын юристтери Таалайгул Токтакунова жана Канатбек Азиз маалымат жыйын өткөрүшүп, 16-январда “Манас” аэропортунун жанындагы кыйраган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге жана анын аялына таандык экенин билдиришкени себеп болгон. Ошондой эле “Азаттык” жана “Zanoza.kg” сайттарын даты сотко берген. Алардан 3 миллион сомдон талап кылынууда. Себеби дал ушул маалымат булактарында кыйраган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү экендиги тууралуу документ чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/content1094
Добавить комментарий ×