Ульяновск окуу жайынын курсанттарын колдогон бишкектик кыздар эротикалык бий бийлешти
Бишкекте "Бьюти-академиясынын" кыздары Россиядагы Ульяновск окуу жайынын студенттерин колдоо иретинде өткөрүлгөн флешмобго кошулду. Флешмоб #satisfactionchallenge хештеги алдында өткөн. Аларды колдогондор Satisfaction музыкасынын коштоосунда өзүнүн бийин видеого тартып чыгарат. Бул кыздардын бийи академиянын Твиттердеги расмий аккаунтунда жарыяланган.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Россиядагы Ульянов жайкы окуу жайынын биринчи курсунун студенттеринин видео клиби кызуу талкууга жем таштаган.
Видео клипти россиялык колдонуучулар гана эмес, башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын кыргыз сегментинин колдонуучулары дагы талкуулаган.
Анда, жарым жылаңач студенттер училищенин жатаканасында стриптиз бийлегени тартылган.
Интернетке чыккан видеону кыска убакыттын ичинде жүз миңдей киши карап чыккан. Айрым колдонуучулар бул студенттерди окуу жайдан чыгарып таштоону талап кылышкан. Бирок россиялык жаштар келечектин сексуалдуу учкучтарын колдошкон. Кийинчерээк, башка жогорку окуу жайлардын студенттери (Айыл чарба техникуму, Суворов окуу жайынын, цирк училищесинин студенттери ж.б.) колдоо иретинде бул музыкага бийлеген бийин видеого тартып интернетке жүктөй баштаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content10938
Добавить комментарий ×