Бишкекте жүзгө жакын дарактар кыйылат
Бөлүшүү:
Анын ордуна автоунаа токтотууга атайын аянтчаларды түзүү пландалууда. Бул иштерди аткарууга 1-июлга чейин мөөнөт берилген. Шаардык мэриядан кабарлашкандай, жолдогу тыгынды жөнгө салуу үчүн автоунаа токтотуу аянтчаларды салуу керек. Курулуш иштери Пафилов, Киев, Исанов, Москва, Манас көчөлөрүндө жүргүзүлөт. Бул аймактарда автоунаа токтотуучу жайлар ачылса, 5 миң машинаны кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми кыйылган бактардын ордун толтуруу үчүн Жашылдандыруу ишканасы шаардын башка бөлүктөрүнө 10 миң көчөт отургузат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1092
Добавить комментарий ×