Евгения Акс “Саманчынын жолу” чыгармасын пластикалык жанрда көрүүчүлөргө тартуулайт

10 март 2017 17:32 514 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасы боюнча “Талаа”спектакли пластикалык жанрда коюлат. Бул тууралу анын режиссёру Евгения Акс билдирди.

 Анын айтымында, спектаклдин өзгөчөлүгү анын бир дагы сөздү камтыбаганында. Актёрлор каармандардын ички сезимдерин мимика, кыймылдар жана өзгөчө белгилер аркылуу билдиришет. “Бул Талаа жөнүндөгү окуя, Сүйүү Талаасы, Согуш Талаасы жана Жашоо Талаасы. Айтматовдун сөз чеберчилиги, анын образдуу, киного ылайык тили, автордун идеясын мындай, адаттан тыш таризде ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет”,- дейт режиссёр. Көрсөтүүнүн көркөм идеясы – пластика, эркин кыймылдар жана музыка аркылуу каармандын эмоционалдык жана рухий жашоосун чагылдыруу. Спектакль орус драма театрында 18-19-мартта көрүүчүлөргө сунушталат.

Ссылка: https://barometr.kg/content1090



Добавить комментарий