Астанада, Иран, Орусия жана Түркиянын олтуруму өтөт
Кечээ, бейшемби күнү Казакстандын тышкы иштер министрлиги Астанада Иран, Орусия жана Түркиянын жетекчилигиндеги Сирия тынчтык саммитинин жаңы айлампасы башталарын тастыктады. «Fars» агенттигинин маалыматына ылайык, бейшемби күнү Казакстандын тышкы иштер министрлиги Астанада Сирия боюнча дагы жыйын өткөрүлөрүн ырастады.Кезектеги өтө турган Астана саммитине катышууга БУУга, Америка жана Иорданияга да чакыруу кагазы жөнөтүлгөн. Бирок алардын өкүлдөрү дагы катышуусу же катышпай тургандыгы тактала элек. Ошондой эле жыйынга Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү жана куралдуу каршылык топторунун да катышуусу күтүлүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын Астана шаарында эки ирет Сирия тынчтык сүйлөшүүсү жана бир ирет Сирия боюнча эксперттик жолугушуу болуп өткөн. Кезектеги сүйлөшүүлөрдүн максаты Сирияда ок атууну токтотуу абалын текшерүү жана өлкөдө саясий чеге жетишүү үчүн жол ачуу.
Ссылка: https://barometr.kg/content1089
Добавить комментарий ×