Казакстанда жүргүнчү ташыган дагы бир автобус өрттөндү

21 январь 2018 17:05 1780 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда кайрадан кырсык болду, бул ирет Павлодарда жүргүнчү ташыган автобус жүрүп баратканда күйүп кеткен. Бул тууралуу Спутник Казакстан басылмасы жазды.

басылмалар билдирди.

Окуя бүгүн түшкө маал, Кутузов-Академик Чокин көчөлөрүнүн кесилишнде болгон. Полициядан маалымдашкандай, өрт жарым сааттан кийин өчүрүлгөн. Ага чейин жалын 6 чарчы метр аянтты каптап кеткен.

Бактыга жараша, өрттүн кесепетинен эч ким жабыркаган эмес. Автобустун ичиндеги 10 жүргүнчү убагында андан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттүн чыгуусуна транспорттун бузулган кыймылдаткычы себеп болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content10886



Добавить комментарий