Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жаңыланган рейтингинде бир сапка көтөрүлдү

10 март 2017 15:37 485 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айсулуу Тыныбекова Россиядагы эл аралык мелдеште алтын тагынды Март айынын рейтинги уюмдун расмий сайтына жарыяланып, ал Куба, Швеция, Болгария, Латвия жана Украинада өткөн эл аралык мелдештердин жыйынтыгы менен түзүлгөн. Буга чейинки рейтингде спортчу 5-орунду ээлеп келген. Айсулуу Тыныбекова Швецияда өткөн «Klippan Lady Open 2017» - турниринде жараатына карабай күмүш медаль алышы бир сапка өйдө жылууга өбөлгө болгон. Биринчи орунду мурдагыдай эле Олимпиаданын жеңүүчүсү япониялык Каори Ичо ээлеп турат. Экинчиде россиялык Валерия Коблова-Жолобова турса, үчүнсү сапты тунистик спортчу Марве Амри ээледи. Төртүнчү орунда турган Сакши Малик бешинчи бир сапка ылдыйлап, анын ордуна Тыныбекова чыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/content1088



Добавить комментарий