Беловодск – Кара-Балта темир жолунда поезд жеңил унаа менен кагышып адам өмүрүн алып кетти
9-мартта болжол менен саат 19.25те Беловодск – Кара-Балта (РЗД 141) станциясында, темир жолдун 3734-чакырымында жүргүнчү поезд менен жеңил унаа кагышты. Ички иштер министрлигинин транспорт милициясы берген маалыматка таянсак, "Хонда-Аккорд" унаасынын айдоочусу, Жалал-Абад областында 1992-жылы туулган Ч.А. поезддин жакындап келе жатканы боюнча атайын белги күйүп турганына карабай темир жол өтмөгүнөн унаасын айдап өтмөк болгон. Унаада айдоочудан сырткары 1995-жылы туулган дагы бир жүргүнчү, андан тышкары Токтогул районунунун тургуну эки кичинекей баласы болгон.
Кырсыктан 1981-жылы туулган Токтогул районунун тургуну К.Т.(балдардын апасы) каза тапты. Унаанын беш жүргүнчүсү ар кандай жаракат менен ооруканага жаткырылды. Айдоочу оор жаракат алган.
Ссылка: https://barometr.kg/content1087
Добавить комментарий ×