Депутат: Техникалык кароодон бюджетке 3 млрд сом түшөт
Бөлүшүү:
Кыргызстанда 3 миллиондон ашуун автоунаа бар, эми техникалык кароону киргизүү боюнча ишти тездетүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда, жыйында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
Ал белгилегендей, эгер баасы 1000 сом болгон, техкароо киргизилсе анда бюджетке 3 млрд сом түшөт. Бул вариант бюджет үчүн эле эмес, жарандардын саламаттыгы үчүн дагы пайдалуу.
Депутат, Чыныбай Турсунбеков, төрага болуп турган учурунда кара түтүн жөнүндө ыр чыгарган, коомчулукта бул маселе бир нече жолу көтөрүлгөн деди. Ал эми өкмөт эми гана Бишкектеги экологиялык көйгөйлөргө көңүл бура баштады.
Ссылка: https://barometr.kg/content10817
Добавить комментарий ×