“Ош-Сары-Таш-Эркештам” унаа жолундагы мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүп таштады

10 март 2017 11:08 405 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамэкотехинспекция тарабынан “Ош-Сары-Таш-Эркештам” унаа жолунун боюндагы Шарк жана Мады айылындагы 68 курулуш объектиси текшерлип, 18 объект учурда буздурулду. Себеби, аталган курулуштар “Ош-Сары-Таш-Эркештам” унаа жолунун боюнда эч кандай уруксааты жок, мыйзамсыз жайгашкан. Бул тууралуу Мамэкотехинспекция адистери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкташкан. Мамэкотехинспекция тарабынан Шарк айыл аймагы боюнча 56 объект, Мады айыл аймагында 12 объект жеринде каралып, мыйзамсыз курулуштардын ээлерине актылар түзүлүп, буздуруу талабы коюлду . Учурда “Ош-Сары-Таш-Эркештам” унаа жолундагы 18 объект толугу менен буздурулса, калган объектилердин алдыруу боюнча берилген эскертүүлөрдүн убактысы келе элек. Мөөнөтү келип, мыйзамсыз курулуштар ээлери тарабынан алынбаса, буздуруу чаралары колдонулат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1081



Добавить комментарий