Москвада 12 жаштагы кызды бычактаган кыргызстандыкка өкүм чыкты

17 январь 2018 16:24 1873 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвада, 1 жаштагы кызды кыйнап өлтүргөн кыргызстандык жаранга карата, күчөтүлгөн тартиптеги абакка 16 жылга кесүү өкүмү чыкты. Бул тууралуу «МК» билдирди.

Басылманын маалыматына ылайык, каргашалуу окуя 2016-жылы 24-декабрда болгон. 20 жаштагы Жылдыз аттуу кыргызстандык кыз үйүнө сүйүктүүсү, 21 жаштагы Чыңгызды алып келген. Кийин экөө сүйлөшпөй калганда жигит кыздын батиринде калган кийим-кечегин алайын деп Жылдыздын үйүнө келет. Үйдө кыздын кичүү сиңдиси бар болчу. Чыңгыз ал кызга кийимдерин табышып коюуга жардамдашуусун суранганда ал өзүң изде деп жооп берген. Буга ачуусу келген жаран ашканадагы бычакты алып диванда жаткан кызга сайган. Кийин кылмышкер уюлдук телефонду алып сыртка чыккан.

Кылмышкер мындай кылыгын сүйүктүүсүн катуу кызгангандыгы үчүн жасаганын айткан. Москва шаардык соту аны 16 жылга эркинен ажыратты.

Ссылка: https://barometr.kg/content10791



Добавить комментарий