Микки Кивикоски Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси болду

17 январь 2018 16:02 559 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 17-январда, Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов, Финляндия мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Микко Кивикоскиден ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Н.Абдрахманов элчини бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады.

Ошондой эле, ал, Финляндиянын ыйгарым укуктуу элчиси, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча аракет жумшарына ишеним көрсөттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, кыргыз-фин алакаларын өнүктүрүүнүн келечектери жана абалы талкууланды. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10790



Добавить комментарий