Парламентте маалыматтарга чектөө киргизүү сунушталды

17 январь 2018 10:15 599 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парламенттин депутаты Улан Примов соцтармактарды ЖМКларга теңөөнү сунуштады. Бул тууралуу ал, бүгүн 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат белгилегендей, учурда, соцтармактарда түрдүү, чындыкка коошпогон маалыматтар жарыяланууда.

Примов социалдык тармак менен маалымдоо каражаттарын бирдей кылуу же болбосо маалыматтарга чектөө киргизиүү керектигин сунуштады.

Белгилесек, азыркы тапта парламент экинчи окууда «Массалык маалымат каражаттары тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулап жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content10768



Добавить комментарий