Кабулдагы чабуулдан каза тапкандардын саны саат санап уланууда

9 март 2017 16:35 359 Barometr
Бөлүшүү:
ok

8-марттагы Кабулдагы аскер ооруканасына кол салуудан набыт болгондор саны 49 кишиге жетти. 68 киши жарадар болушкан. Башка маалыматтар боюнча жарадарлар саны 90ду чамалайт. Алар дарыланып жаткандар, дарыгерлер жана медицина кызматкерлери. Күбөлөрдүн айтуусунда, адегенде жанкечти 400 орундуу оорукананын арткы эшигин жардырган. Андан соң үч адам кирип келип, автоматтан ок жаадырышкан. Чабуулга жоопкерчиликти өзүн “Ислам мамлекети” атаган террордук топ алды.

Ссылка: https://barometr.kg/content1073



Добавить комментарий