Депутат: «Тыюу салынса деле базарда өрдөктүн эти сатылууда»

15 январь 2018 13:51 654 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бюджет жана каржы боюнча комитет «Кыргызстанда тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин директору Толо Исаков белгилегендей, тамак-аш азыктарын камсыз кылуу системасы төмөнкү маанилүү компоненттерге таянат: азыктардын коопсуздугун камсыздоо, коопсуздук талаптарынын дал келишин ырастоо, азыктарды анын өндүрүү жана айлантуу этаптарында текшерүү мүмкүнчүлүгү.

«Бул компоненттердин бири эле жетишпесе, ал атамекендик продукцияларды ЕАЭБдин ичинде эле эмес, анын тышында дагы эл аралык рынокторго киргизүүнү кыйындатат»,-дейт ал.

Депутат Мурадыл Мадеминов, Кыргызстандын базарларында өрдөктүн эти сатылып жатат, аны, куш тумоосунан улам, биримдиктин аймагына алып кирүүгө тыюу салынган деп белгиледи. Ал, тиешелүү органдарга бул кырдаалды көзөмөлдөөнү сунуштады.

Ссылка: https://barometr.kg/content10701



Добавить комментарий