Өлкөдө тилсиз жоодон 3 адам каза тапты

15 январь 2018 11:36 451 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде, 14-январдан 15-январга караган күнү 9 өрт катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Чүй областындагы Токмок шаарынын Казакстан көчөсүндө жайгашкан, толук курулуп бүтө элек үйдөн өрт чыкты. Окуя болгон жерден 1950-жылы туулган А.З. аттуу жарандын сөөгү табылды.

Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунда Тегизчил айылында турак-жайдан өрт чыгып, анын кесептинен 1949-жылы туулган Т.К., 1964-жылы туулган Т.С. аттуу жарандар каза тапкан.

Өрт, чылым чегүүдө кылдатсыздыктан келип чыккан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10688



Добавить комментарий