Таалайбек Масабиров ВДНХнын абалын оңдоону өкмөттөн суранды

9 март 2017 13:20 459 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 9-мартта депутат Таалайбек Масабиров Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында Бишкектеги ВДНХнын абалына токтолду. Анын маалыматы боюнча Бишкек шаарындагы ВДНХ павильону 1974 жылы курулган. Анда кыргыз элинин тарыхы чагылдырылган. Ошону менен катар бир катар тармактардагы, анын ичинде айыл чарбасы боюнча жетишкендиктер боюнча көргөзмөлөр коюлуп турар эле.Бүгүнкү күндө болгон көргөзмө-жарманкелердин баары Спорт ордосунда өтөт. Бул жайда спорттук иш-чаралар, концерттер өткөрүлүп келет. “Андыктан, капиталдык ремонттон өткөрүп, көргөзмөлөрдү уюштурсак болот эле. Болбосо, ар кандай меймандар келгенде көргөзө турган жайларды ойлонуп калат экенбиз”,- дейт ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content1068



Добавить комментарий