Бүгүн жана эртең кар калың жаап, жолдор тайгак болот

15 январь 2018 10:00 545 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 15-16-январь күндөрү туруксуз аба ырайы сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Көпчүлүк аймактарга кар жаап, айрыс райондорго кар калың түшөт. Жолдор тайгак болуп, тоолуу жолдорго кар күрткү топтолот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы катуулап, секундасына 17-22 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көлдө түнкүсүн абанын температурасы -7…-12°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн -3…-8°, күндүз -3…+2°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -9…-14°, күндүз -2…-7°, Нарын областынын дйканчылык аймактарында жана тоолуу райондорунда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -7…-12°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал-жандыктарды кармоону, автотранспорт, байланыш түйүндөрүнүн, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Тоолуу райондорго жана Ала-Бука - Каныш-Кыя автожолунда 68-99 чакырым, Красная Горка - Ак-Таш 1-4 чакырымында, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу 45-90 чакырымнда, 145-150 чакырымында кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болору күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10678



Добавить комментарий