Барселона клубу жарым финалга чыкты
Бөлүшүү:
Испаниянын «Барселона» футбол клубу өз үйүндө француздардын «Пари Сен-Жермен» клубун утуп, Чемпиондор лигасынын чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. Барселонанын «Камп Ноу» стадионунда өткөн оюн 6:1 эсебинде жыйынтыкталды. Анда испан клубунун оюнчулары Луис Суарез, Лионель Месси, Неймар жана Серхи Робертолор каршылаштарынын дарбазасына гол киргизешти. Парижде өткөн беттеште болсо, «ПСЖ» «Барселонаны» 4:0 эсебинде уткан. Ошентип, эки беттешүүнүн жыйынтыгы боюнча испан командасы 6:5 эсебинде чейрек финалга чыкты.
Ссылка: https://barometr.kg/content1066
Добавить комментарий ×