Токтогул районунда билим таймашы болуп өттү

9 март 2017 09:50 873 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында билим алып жатышкан Токтогулдук активдүү студенттер тарабынан түзүлгөн “Келечек нуру” коомдук бирикмеси Токтогул шаарына караштуу мектеп окуучуларынын интеллектуальдык билим деңгээлин көтөрүү максатында “Менин өлкөм – Кыргызстан” аталышындагы акыл таймаш оюнун өткөрүштү. Бул иш сапарыбыз алгачкы жолу болуп жаткандыктан, өзүбүзгө бир топ тажрыйба топтой алдык. 2017-жылдын 18-февралында, 6 аймакка бөлүнгөн бирикменин мүчөлөрү аймактык тандап алуу оюнун мыкты деңгээлде өткөрүп келишти. Акыл таймаш интеллектуальдык оюну бир гана окуучуларды кызыктырбастан, мугалимдер үчүн да пайдалуу болгонун оюндун жүрүшүндө байкай алдык. Жалпы жолунан таймашка 34 мектеп катышып, 6 мектеп 18-мартта боло турган финалдык оюнга жолдомо алышты. Жогоруда белгилеп өткөндөй 6 аймакка бөлүнгөн оюндун жыйынтыгында:

 1. Токтогул шаары - №2 Бөкөнбаев атындагы орто мектеби;

 2. Жаңы-Жол аймагы - №4 Н.Биримкулов атындагы гимназия;

3. Терек-Суу аймагы - №16 Нурманбетов атындагы орто мектеби;

4. Торкент аймагы - №21 Ы. Алымбеков атындагы орто мектеби;

5. Үч-Терек аймагы - №32 Бекназар орто мектеби;

6 Өзгөрүш аймагы - №39 Малабай орто мектеби жеңишке ээ болушту.

 Аталган мектептерден келген 5 окуучудан турган командалар мектебинин намысын коргоп, өздөрүнүн билим деңгээлин сыноо менен таймашка активдүү катышып беришти.

Ссылка: https://barometr.kg/content1063



Добавить комментарий