Жогорку Кеңеш мектептерди беш күндүк окутуу системасына өткөрүүнү колдоду

10 январь 2018 15:53 639 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Депутаттар үчүнчү окууда «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга оңдоолорду киргизүүнү колдоду. Ага ылайык, мектептер алты күндүктөн беш күндүк окутуу тартибине өтөт.

Мындай мыйзам долбоорун бир катар депутаттар демилгеледи. Беш күндүк окуу системасына өтүү-окуучуларга карата окуу жүгүн кыскартууга, мугалимдерге кошумча бир күн эс алуусуна өбөлгө түзөт.

Маалымдалгандай, учурда пилоттук долбоор боюнча, мектептердин 80%ы беш күндүк окутуу тартибинде иштеп жатышат. Мындан тышкары, азыркы тапта 446 мектеп бир смена, дагы 159 мектеп 3 смена менен иштөөдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10566



Добавить комментарий