Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөлүк кодексине киргизген өзгөртүүлөрүнө ылайык эми аталар нике күбөлүгү жок болсо да балдарына алимет төлөйт

8 март 2017 10:08 302 Barometr
Бөлүшүү:
ok

6-мартта КР Президенти Алмазбек Атамбаев Үй-бүлө кодексинин “алименттер” жөнүндөгү беренесине киргизген толуктоолорго ылайык, жалгыз бой энелер менен балдардын укугун коргоо мындан ары жеңил болот. Өзгөртүүлөр боюнча балдарга алимент 18 ден 21 жашка чыккыча дагы төлөнүп, алардын ЖОЖдо окуган убактысында болгон чыгымдардын жарымын атасы төлөөгө милдеттүү болот. Алиментти төлөө өлчөмү Үй-бүлө кодексине ылайык 1 балага айлыктын 1/4и, 2 балага анын 34% же 1/3 бөлүгү болсо, 3 же андан көп балага айлыктын жарымы төлөнүүсү керек. Ошондой эле алимент төлөбөй жүргөн аталарга сот аткаруучулар карызынан кутулгуча убактылуу унаа айдаганга, мергенчиликке барууга жана чет өлкөгө чыгууга тыюуу сала алат.

Ссылка: https://barometr.kg/content1054



Добавить комментарий