Сооронбай Жээнбеков, КРнын премьер-министри: “Сырткы соода өнүктүрүү биримдиктин ичиндеги тоскоолдуктарды кыскартууга жана чектөөлөрдү алууга жолтоо болбошу керек”

7 март 2017 17:55 409 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун Төрагалыгы астында  Бишкекте өтүп жаткан Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында сөз алып сүйлөгөн  өкмөт башчы бир нече маселелерге токтолуп келип,  эң башкысы чектөөлөр  соода  сатык аракеттерге тоскоол болбош керектигин баса белгиледи. «Төрагалык кылган мамлекет катары биз глобалдык соода трендин эске алуу менен, үчүнчү өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептейбиз. Бул соода агымдарын өстүрүүнү күчөтөт. Ошол эле учурда белгилеп кете турган нерсе, сырткы соода өнүктүрүү биримдиктин ичиндеги тоскоолдуктарды кыскартууга жана чектөөлөрдү алууга жолтоо болбошу керек. Биргелешкен аракеттердин арты мене биз ЕАЭБ рыногунда тең укуктуулукка жетишишибиз зарыл», – дейт ал.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1053



Добавить комментарий