1-январдан баштап биометрикалык паспорт алуу үчүн 290 сом төлөнөт

9 январь 2018 16:21 1042 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2018-жылдын 1-январынан тартып биометрикалык ID-cardды алуу үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, паспортту алмаштыруу, жоголгон же жараксыз абалда болгон паспортторду калыбына келтирүү боюнча демейки кызматтардын баасы 290 сомду түзөт.

Ысым, фамилия жана атасынын атын алмаштыруу кызматынын баасы 320 сом турат.

Эске салсак, биометрикалык паспорттор 2017-жылдан баштап бериле баштаган жана жылдын аягына дейре бекер берилип келген.

Ссылка: https://barometr.kg/content10525



Добавить комментарий