Шашылыш билдирүү: 11-январда кар жаап, катуу суук болот

9 январь 2018 11:49 880 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. 11-январда эртең менен, күндүз жана 12-январда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Суу кар зымдарга жана бактарга жабышып, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы катуулап, секундасына 17-22 метрге жетет.

Чүй, Талас жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт, түнкүсүн -7…-12° чейин, күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…5°, тоо этектериндеги аймактарда түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Нарын областынын дыйканчылык аймактары менен тоолуу райондордо түнкүсүн -18…23°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо болсо абанын температурасы түнкүсүн -27…-32°, күндүз -9…-14° жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автотранспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10508



Добавить комментарий