Башка бирөөнүн паспортун көрсөтүп өткөн кыргызстандык кармалды
Бөлүшүү:
Чек арачылар “Ак-жол – Автожолу” көзөмөл-өткөрүү бекетинде мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген кыргызстандыкты кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Паспорттук текшерүүдөн өтүп баратканда, 1980-жылы туулган Э.Р. аттуу жаран кызматкерлерге бөлөк бирөөнүн паспортун көрсөткөн. Бул жаран буга чейин Казакстандан депортацияланганы аныкталган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, кармалган Э.Р. УКМКнын аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине жөнөтүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content10496
Добавить комментарий ×